Атың чыкпаса, мурдуңа ширеңке тык! Даниялык дүйнөлүк рекорд жаратты

Даниялык киши мурдуна 68 ширеңке тыгып, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу UPI жазды.

Рекорддун ээси Питер фон Тенген Бусков, ал 39 жашта. Ал башка адам койгон мурунку рекорддон 23 ширеңке ашып кеткен. «Таң калыштуусу, мага эч кандай зыян болгон жок. Менде мурундун чоң тешиктери жана ийкемдүү тери бар», — деп комментарий берди ал.

Питер ал аракет кыла турган ар кандай дүйнөлүк рекорддорду изилдегенден кийин муну тандап алганын кошумчалады. Ал кийинчерээк бул рекордду да жаңылай турганын билдирген.