Мал болсо да эне. Пил өлгөн баласын таштабай 7 чакырымга сүйрөп барган

Индиянын Батыш Бенгалия штатында пил өлгөн баласын таштабай 7 чакырымга чейин сүйрөп келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өлүп калган баласын сүйрөгөн пил 7 чакырым аралыкты басып өтүп, чай плантациясына алып келген. Плантациянын жетекчиси Судхир Гуха алгач эне пилдин жалгыз болгонун, кийинчерээк ага 30 чакты пил кошулганын айткан.

Токой-чарба кызматынын офицери Аншу Жадав жергиликтүү бийлик пилдердин үйүрүн дрон менен көзөмөлдөп турганын билдирген.

«Пилдер баласына абдан камкор келишет. Буга чейин да баласы коркунучка кептелгенде баарына даяр болгон пилдерди көп көргөнбүз. Азыркы окуяда үйүр пилдер баласынан айрылып капаланып турган эне пилдин жанына чогулганы таасирлентет», — деген пилдер менен иш алып барган Шьяма Прасад Пандей. 

Белгилей кетсек, Бенгалиянын түндүгүндө 514 чакты пил жашайт.