Мушкер айым таразага жарым жылаңач түшүп, Англиянын коомчулугун таң калтырды

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Эбани Бриджес титулдук беттештин алдында таразага ачык ич кийим менен келди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

36 жаштагы австралиялык Бриджес Лидс шаарында 39 жаштагы мекендеши Шеннон О’Коннеллге каршы IBF версиясы боюнча чемпиондук титулун коргогон беттештин алдында күйөрмандарын таң калтырды.

Титулдук күрөшкө келсек, он раундга созулган беттеш сегизинчи раунддун 2 мүнөтүндө аяктады. Алгач Бриджес атаандашын укмуштуудай нокдаунга жөнөтүп, андан соң калысты мөөнөтүнөн мурда беттешти токтотууга мажбурлады.