«Муунтуп өлтүрүп, күрмөсүн өрттөп ээритип, бетине чачкан». Орусияда өспүрүмдү өлтүргөн киши 11 жылга соттолду

Сот Иваново айылынын 13 жаштагы мектеп окуучусунун чуулгандуу өлүмү боюнча өкүм чыгарды. Киши өлтүргөн адам 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Российская газета жазып чыкты. Иваново облусунун прокуратурасынын маалыматы боюнча, 35 жаштагы жаран Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (адам өлтүрүү) күнөөлүү деп табылган. Анын 24 жаштагы досу кылмышты жашырганы үчүн эки жыл колонияда отурат.

Өспүрүм 2020-жылдын 23-февралында дайынсыз жоголгон. Акыркы жолу аны дүкөндүн жанынан көрүшкөн. Мектеп окуучусу таксиге отуруп, облустун борборунан он чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Кохманы көздөй жөнөгөн. Сөөктү тергөөчүлөр 9-мартта адам өлтүрүүгө шектелгендердин биринин жардамы менен табышкан. Сот 23-февралга караган түнү айыпталуучулар менен өспүрүм Кохмадагы орток досуна конокко барганын аныкташкан. Жигиттин жашы жете электигин уккан үй ээси анын үйдөн кетүүсүн талап кылган. Калгандарына аны алып кетүүсүн айткан. «Алар көчөгө чыкканда, 35 жаштагы адам өспүрүмдү баңгизат сатууга негизсиз айыптап, андан кийин аны эски Кохма көрүстөнүнүн жанындагы токойго алып барып, экинчи соттолуучунун көзүнчө аны муунтуп өлтүргөн. Маркумдун өлгөнүн билгенден кийин, кол салган адам анын курткасын өрттөп, эриген материалды өспүрүмдүн бетине, мойнуна жана көкүрөгүнө чачкан», — деп айтылат сот өкүмүндө. 

Алар кайра үйдүн ээсине барып, өспүрүмдү таксиге салып жибергенин айтышкан. Киши өлтүргөн жаран 11 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми жанындагы кылмышка шектүү 2 жыл абакта отурат.