Муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаева депутаттыкка аттанды

Спорттук карьерасын өткөн жылы жыйынтыктаган муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаева «Аманат» партиясынын тизмесинин катарында Алматынын маслихатына депутаттыкка аттангандыгы тууралуу чечимин жарыялады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

22 жаштагы спортчу кыз бул чечимин чоң жоопкерчилик деп атады.

Казакстандын парламентинин мажилисине депутаттарды шайлоо 19-мартта өтөт.