Мьянмада полиция кызматкерлери митингге чыккан жарандарга ок атып, анын кесепетинен бир нече адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрү Мьянманын бир нече шаарында аскердик режимге каршы митингдер өткөн. Анда жарандар менен полиция кызматкерлеринин кагылышып, кеминде 18 киши каза болуп, 30дан ашыгы жаракат алган. Кагылышууда полиция кызматкерлери алгач желим окторду колдонсо, кийинчерээк кадимки ок менен атып баштаган.
Быйыл 1-февралда Мяьнмада аскерлер бийликти кулатып, өкмөт башчы Аун Сан Су Чжи баштаган мамлекет жетекчилерди камакка алган. Анда аскердик жетекчилик мындай кадамга былтыр ноябрдагы «парламенттик шайлоону таза өткөргөн жок» дегенди жүйө катары карманып, Мьянма аскерлери бийликти басып алган соң, өлкөдө бир жылга өзгөчө абал режимин жарыялаган. Ошол күндөн бери демократиянын жактоочулары нааразычылык акцияларына чыгып келишет.