Төңкөрүш орун алган Мьянмада жаңы бийлик интернетке чектөө киргизди

Мьянмада төңкөрүштөн соң учурдагы бийлик өлкөдөгү нааразычылыкты басаңдатуу максатында интернет-провайдерлерге Фейсбукту жана бир катар социалдык тармактарды убактылуу чектөөгө алууга буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындан улам Фейсбуктун өкүлдөрү Мьянмадагы тургундар үй-бүлөсү жана достору менен баарлашып, башка маанилүү жаңылыктардан кабардар болуусу үчүн бийликти байланышты калыбына келтирүүгө чакырган.

Ошондой эле «NetBlocks» интернет-мониторингинин маалыматы боюнча, Мьянмада Instagram жана кат алмашуучу WhatsApp менен Facebook Messenger да блоктолгон.

1-февралга караган түнү Мьянма армиясы бийликти басып алып, мамлекет башчыларын камакка алган соң, өлкөдө 1 жылга өзгөчө абал режимин жарыялаган.