Мьянманын борбор шаары Нейпьидодо жер титирөөдөн 5 күн өткөндөн кийин жигит мейманкананын урандыларынан куткарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Өрткө каршы кызматы билдирди.
Куткаруучулар аман калган адамдын ден соолугунун абалы тууралуу так маалымат беришкен жок. Бирок таратылган видеого караганда, жигит олуттуу жаракат алган эмес.
Издөө-куткаруу иштери уланууда, бирок аман калгандарды табуу мүмкүнчүлүгү күн өткөн сайын азайып баратат.