28-марттагы Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1644 кишиге жеткенин, 3408 киши жабыркаганын, 139 адам дайынсыз болуп жатканын «Синьхуа» басылмасы маалымдады.
Жер титирөө коңшу Таиландда сезилип, аталган өлкөдө 10 киши каза болду. Эки мамлекетте жалпы жонунан 240 адам дайынсыз болуп жатат. Куткаруучулар аман калгандарды табууну үмүт кылышып, урандылардын арасынан издешүүдө.