Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3085 адамга жетти. Бул тууралуу Кытайдын Синьхуа агенттиги билдирди. Дагы 4715 адам жаракат алып, 341 адам дайынсыз болуп жатат.
28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу өлкөнүн 1,5 миллион калкы бар экинчи чоң шаары Мандалайдан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жер титирөөнү коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Таиланддын тургундары да сезишкен.