«Мьянманын туризм сулуусу» титулунун ээси 28 жаштагы Сили Ми Мьянманын Мандалай шаарында катуу жер титирөөдө баланы сактап калууга аракет кылып жатып каза болду. Бул тууралуу Need To Know порталы сынактын уюштуруучуларынын өкүлүнө шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка караганда, анын жансыз денеси шаардагы жер титирөөдө урап түшкөн 12 кабаттуу Sky Villa турак жай комплексинин урандыларынын арасынан табылган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Сили Ми баланы куткарууга шашылып, урап түшкөн имаратта калып калган.
Сили Ми 2018-жылы аталган титулдун ээси болгон. Ал Miss Tourism World сынагында Мьянманын атынан катышкан.