«Мүлктү бөлүшкүсү келген эмес». Казакстанда аял күйөөсүн өлтүрүүгө киллер жалдаган

Батыш Казакстан облусунда полиция кызматкерлери киши өлтүрүүгө буйрутма алган шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Полициянын маалыматы боюнча, окуя болгон жерден пландалган кылмыш боюнча Батыш Казакстан облусунун эки тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын уюштуруучусу күйөөсү менен мүлктү бөлүшкүсү келбеген, ошондуктан анын өлтүрүлүшү үчүн акча төлөгөн аялы экендиги аныкталган.

Полиция шектүүлөрдөн далилдерди алган. Тергөөнүн версиясы боюнча, аял уюштуруучуга курал сатып алуу жана адам өлтүрүү үчүн 1,3 миллион теңге берген. Учурда кылмышка шектүүлөр кармалып, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча тергелүүдө. Кылмышка шектүүлөр 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ал эми аялдын күйөөсүнө коркунуч жок, ал коопсуз жайда.