«Мындай 10 жылдан бери болгон эмес». Түштүк Африкада кар жаады (сүрөт)

Кечээ, 10-июль күнү эртең менен ойгонгон Түштүк Африканын эң ири шаары Йоханнесбургдун жашоочулары терезелеринин алдында жааган карды көрүштү. Июль айы түштүк жарым шарда кыштын айы, бирок бул жерде 10 жылдан бери кар жааган эмес.

Бийлик өкүлдөрү түштүк африкалыктарга жылуу кийинүүнү сунушташты, анткени суук өлкөнүн көп бөлүгүн каптады жана бул жерде жок дегенде бир жума суук болот. Түштүк Африканын аба ырайы кызматынын  өкүлү «азырынча жааган кардын кесепетинен чоң көйгөйлөр жарала элек» деди.