«Мындай кадрды бир жерден көрдүм эле». Путин менен Лукашенконун сүрөтү кызуу талкуу жаратууда

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун Сочиде өткөн бейрасмий сүйлөшүүсүнөн тартылган сүрөт интернетте кызуу талкуу жаратып жатат. Анда колдонуучулар эки өлкөнүн башчысы деңизге сейилдөөгө чыккан учурунан тартылган кадрды «Титаник» тасмасындагы белгилүү эпизодго салыштырып жатышат.

Жолугушуунун бейрасмий бөлүгүнөн тартылган дагы бир сүрөт талкууга жем таштады. Анда яхтадагы түштөнүүдө Путин менен Лукашенкодон тышкары Беларустун президентинин уулу Николай да коштоп келгени көрүнөт.