Намибияда ачарчылыктан улам 700дөн ашык жапайы жаныбарды жегенге уруксат берилди

Намибиянын бийлиги жүздөгөн жапайы жаныбарларды эт үчүн союуга уруксат берди. Бул тууралуу The Economic Times жазды.

Ачарчылык өлкөнүн калкынын дээрлик жарымына коркунуч туудурат. Өлкөдө эң катуу кургакчылыктан улам келип чыккан азык-түлүк тартыштыгы менен күрөшүү үчүн 723 жаныбар, анын ичинде 83 пил жок кылынууда. Мындан тышкары 300 зебра, 30 бегемот, 50 импала, 60 буйвол, 100 гну жана 100 канна тамак-аш үчүн союлат.

Намибиянын Айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарбасы жана туризм министрлиги бул планды “зарыл” деп мүнөздөдү жана жаратылыш ресурстарын жарандардын жыргалчылыгы үчүн пайдалануу конституциялык милдети экенин айтты.