Намыс өлүмдөн күчтүү. 172 килограмм салмактагы атасы уулунун сөзүнөн кийин эки эсе арыктады

Англиянын 35 жаштагы тургуну Мэтью Риггс уулунун намысына тийген сөздөрүн уккан соң өзүн колго алып, 172 килограммдан 89 килограммга чейин арыктады. Бул окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мэтьюнун айтымында, ал күн сайын бир бөтөлкө ром ичип, тез татым тамактарды жеп, спорт менен такыр машыкчу эмес. Бир күнү 7 жаштагы уулу атасынан качан ашыкча семиздиктен өлөрүн сураганда намыстанып кетип, мындан ары арыктап, жашоосун өзгөртөм деп уулуна сөз берген. 172 килограмм салмактагы Мэтью толугу менен алкоголдук ичимдиктен баш тартып, туура тамактанып, машыгуучу залга бара баштайт. 3 жылдын аралыгында ал режимди бузбай, жыйынтыгында 89 килограмм салмакка арыктап, көпчүлүктү кызыктырган дене мүчөгө ээ болгон.