NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабынын бир бөлүгүн көрсөттү. Америкалык космостук агенттик Instagram баракчасына «Артемида-2» миссиясы жиберген жаңы сүрөттү жарыялады.
«Жакын тарабы анын бетин каптаган кара тактар аркылуу таанылат. Алар Ай тарыхынын алгачкы мезгилдеринде, ал вулкандык активдүү болгон учурда пайда болгон. Лава агымдарынан батышта жайгашкан чоң кратер — бул Чыгыш деңизи, диаметри дээрлик 600 миль (900 чакырымдан ашык) болгон кратер, ал Айдын жакын жана алыскы тарабынын чек арасында жайгашкан. “Артемида-2” экипажы аны толугу менен көргөн алгачкы адамдар», — деп билдиришти NASAдан.
Сүрөттө Чыгыш деңизинен сол жакта жайгашкан бардык аймак — спутниктин арткы тарабы. Ай өз огунун айланасында Жерди айланган ылдамдык менен бирдей айлангандыктан, биздин планетадан анын бир гана жарымы көрүнөт.