NASA жылмайган Күндүн сүрөтүн жарыялады

NASA’нын обсерваториясы жылмаюуну көрсөткөн күндүн сүрөтүн тартты. Аталган мекеме бул сүрөттү Twitter баракчасына жайгаштырган.

Эксперттер түшүндүргөндөй, NASA’нын Твиттердеги Sun аккаунтунда жарыяланган сүрөттө сүрөттөлгөн «ооз» жана «көздөр» короналдык тешиктер. Сүрөттөгү тешиктер ультрафиолет нурунун астында гана көрүнөт. Алар күн шамалы космоско учуп кеткен жерлерде пайда болот.

Алар плазманын тыгыздыгы жана температурасы төмөндөгөндүктөн кара болот. Короналдык тешиктер күндүн активдүүлүгүнүн мезгили менен байланышкан жана ар кандай космостук аба ырайынын кубулуштарына, атап айтканда, геомагниттик активдүүлүккө алып келет.

Сүрөт обсерваторияны колдонуп, салмагы 3 тоннадан ашык жарым автономдуу космостук аппарат менен тартылган. Ал 2010-жылдын февраль айында космоско учурулган. Аппараттын аркасында окумуштуулар Күндүн Жерге жана эң жакын мейкиндикке тийгизген таасирин аныктай алышат.