Навальныйды колдоп нааразычылык акциясына чыккандардын 3 миңден ашууну кармалды. Буга чейин мындай болгон эмес

Кечээ, 23-январда Орусия боюнча саясатчы Алексей Навальныйды колдоп нааразычылык акциясына чыккандардын 3 миңден ашууну кармалды. Анын ичинен Москвада 1100дөй, Санкт-Петербургда 400дөн ашуун жана башка шаарларда ар кандай сандагы адамдар полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Жалпы жонунан Орусиянын 100дөй калктуу пункттарында кармоолор болгон.

«Навальныйга эркиндик!» деп саясатчыны колдоп нааразычылык акциясына жалпы жонунан түрдүү эсептөөлөр боюнча 20 миңден 50 миңге чейинки санда киши чыккан.

Алексей Навальный ууланган соң дарыланып жүргөн Берлинден Москвага 17-январь күнү кайтып келери менен аэропорттон кармалган. Кийин анын 30 суткага камалганы маалым болгон.

Ошондой эле, ушунча сандагы адамдын кармалышы Орусиянын заманбап тарыхындагы бардык нааразычылык акцияларынын ичинен рекорддук көрсөткүчтө болду деп айтылууда. Буга чейин 2017-жылдын 12-июнунда бүт өлкө ичинде 1769 киши кармалганы рекорд катары катталган.