Навальныйдын жактоочусу: «Аны белгисиз колонияга которуп кетишти»

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный «Матросская тишина» деген тергөө абагынан белгисиз колонияга которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Вадим Кобзев маалымдаганын орус басылмалары жазып чыгышты.

Анда жактоочу Вадим Кобзев Навальныйды башка колонияга которуу бир нече убакытты алышы мүмкүн экенин, ошентсе да колонияга барганда туугандарына жүргөн жери жөнүндө кабарлоого мүмкүнчүлүк берилиши керектигин Орус басылмаларына билдирген. Ошол эле учурда аны шашылыш түрдө башка абакка которуу туура эмес деп билдирген.

Эске салсак, Алексей Навальный 17-январда Германиядан келгенден кийин камакка алынган. 19-январда оппозициянын лидери «Матросская Тишинанын» убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Москва соту анын камалышын мыйзамдуу деп таап, үч жарым жыл абакта отуруу чечимин чыгарган. Бирок анын бир жылы мурда да ал шарттуу камакта отургандыгы үчүн кыскартылган.