Навальныйдын пресс-катчысы Кира Ярмыш камакка алынды

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш 9 суткага камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ярмышты «макулдашылбаган митингге келүүгө жарандарды үндөгөн» деген жүйө менен кармашты. Мындай чечимди Москва шаарындагы Савелов райондук соту кабыл алган. Маалыматка ылайык, Ярмышка 23-январга белгиленген Алексей Навальныйды колдоо боюнча уруксатсыз акцияларга башкаларды чакырган деген айып коюлууда. Орус бийлиги оппозициячыл саясатчы Навальныйды колдоо боюнча митингдердин алдынан анын тарапташтары Георгий Албуров, юристтер Любовь Соболь жана Владлен Лосту да камакка алган.

Ал арада “Тик-Ток” социалдык түйүнүндөгү орус сегментинде болуп көрбөгөндөй каршылык маанай жаралууда. Жаштар Навальныйды колдоого үндөп, жадагалса мектеп окуучулары да бүгүн, 23-январда саясатчыны колдогон митингге келүүгө чакырык ташташууда. Каршылык хештеги бар видеолор он миллиондогон көрүүчү жыйнап жатат.