Назарбаев Антальяга барды. Ал дипломатиялык форумга катышат

Бүгүн, 10-мартта Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Антальяга барды. Аны Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган чакырган жана ал дипломатиялык форумга катышканы жатат. Бул тууралуу тунгуч президенттин маалымат катчысы соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Аталган форумда Орусия, Түркия жана Украинанын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өтөт.

Назарбаев акыркы жолу январь айынын аягында өткөн «Нур Отан» партиясынын курултайына катышуу менен эл көзүнө чыккан. Ошондой эле, бул Назарбаев үчүн коңшу өлкөдөгү жылдын башында орун алган митингдерден кийинки расмий түрдө биринчи чет өлкөгө чыгуусу.