Назарбаев Казакстанда жана ал Токаев менен бийлик жана байлык үчүн күрөшүп жатканы маалымдалууда

Нурсултан Назарбаев Казакстанда жана ал Касым-Жомарт Токаев менен бийлик жана байлык үчүн күрөшүп, ачуулуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Токаев Назарбаевди жана анын үй-бүлөсүн бийликсиз калтыруу максатында репрессия кылууда. «Бийлик үчүн күрөш уланууда. Баары жакшы аяктайт дегенге эч кандай кепилдик жок», — дейт басылмага маалымат менен бөлүшкөн булак.

Коңшу өлкөдөгү митингдер 2-январда башталып, ал бир катар аймактарда башаламандык менен коштолду. Бул аралыкта Нурсултан Назарбаевдин жана анын жакындарынын өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтар бир канча жолу тараган. Ал кептер маалымат катчылары тарабынан төгүндөлгөнү менен ушул күнгө дейре туңгуч президент да, анын жакындары да эл көзүнө көрүнө элек.