Назарбаев тирүү экен! Ал эл көзүнө чыгып, эмне деди?

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин аталган өлкөдө орун алган митингдерден кийинки алгачкы видео кайрылуусу жарыяланды. Буга чейин ал тууралуу «эбак каза болуп калган», «чет өлкөгө чыгып кеткен» деген өңдүү маалыматтар айтылып жаткан.

«Мен пенсиядагы адаммын, борбор шаардамын жана эч жакка кеткен жокмун. Токаев бүт бийликке ээ, элитада эч кандай жаңжал жана карама-каршылык жок», — дейт ал видеодо.

Назарбаевдин айтымында, 2019-жылы президенттикти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенден бери ал пенсионер жана азыр Казакстандын борбор шаарында ардактуу эс алууда. Ошондой эле, учурда Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы экенин жана жакында ал «Нур Отан» партиясынын төрагасы болуп шайланарын айткан.