Назарбаевдин мурдагы келини адам уурдоо үчүн 12 жылга кесилди

Алматынын соту Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээнинин мурдагы жубайы Гүлмира Сатыбалдыны 12 жылга эркинен ажыратты.

Ал адам уурдоо, опузалоо жана өз билемдик боюнча күнөөлүү деп табылган. Анын айдоочусу жана жардамчысы Мади Батыршаев адам уурдоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле сот Гүлмира Сатыбалдыдан жабырлануучунун пайдасына 2,6 миллиард теңге материалдык чыгымды жана моралдык зыян үчүн 10 миллион теңге өндүрүп берди. Экөө тең күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Мамлекеттик айыптоо аларды 13 жана 10 жылга кесүүнү суранган.