Катманду шаарындагы абал массалык башаламандыктардан кийин акырындап турукташып жатат. Жергиликтүү аэропорт ачылып, кадимки каттамдарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Khabarhub маалымат порталы кабарлады.
«Непал армиясы коопсуздукту камсыздоодо башка укук коргоо органдары менен кызматташтыкта негизги ролду өзүнө алып, жабыркаган райондордо туруктуулук калыбына келүүдө», – деп жазат басылма.
Маалыматка ылайык, мурда жабылган Трибхуван эл аралык аэропорту да кайрадан ачылып, бейшембиден тарта туруктуу каттамдарды кабыл алып, жөнөтө баштаган.
«Z муунунун активисттери көчөлөрдү тазалоо боюнча кампанияларга катышууда, ал эми жакында болгон башаламандыктардан жабыркаган мекемелердин мамлекеттик кызматкерлери ишин жандандыруу үчүн документтерди иргеп, имараттарды оңдоп-түзөөгө киришти», – деп билдирет басылма.
Массалык башаламандыктардан кийин өлкөнүн коопсуздугун камсыздоону өз мойнуна алган Непал армиясы акырындап чектөөлөрдү алып, коменданттык саатты жумшарта баштады.