Непалда жер титиреп, 100дөн ашуун киши набыт болду

Непалда жер титиреп, 100дөн ашуун киши набыт болду. Жердин силкинүүсү Индиянын борбору Нью-Делиде да сезилди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

АКШнын геологиялык кызматы зилзаланын күчү 6,4 баллга жеткенин билдирди. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн борбор шаары Катмандудан 500 чакырым алыстыкта жайгашкан. Соңку маалыматтар боюнча, зилзаладан 128 киши набыт болду, 400дөн ашууну жаракат алды. Бирок каза болгондордун саны өсүшү ыктымал. Азырынча көптөгөн аймактар менен байланышуу мүмкүн болбой, куткаруучулар да жете электиги маалымдалды.