Непалда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 157ге жетти

Непалдагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 157ге жетип, 170 адам жаракат алды.

Непал полициясы мурдараак жер титирөөдөн жабыркаган калктуу конуштардын көбү менен байланыш кыйын болгондуктан, каза болгондордун саны көбөйөрүн божомолдогон. 

3-ноябрда АКШнын геологиялык кызматы зилзаланын күчү 6,4 баллга жеткенин билдирген. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн борбор шаары Катмандудан 500 чакырым алыстыкта жайгашкан.