Непалда өрттөнгөн Fly Dubai учагы аэропортко конду

Катмандудан абага көтөрүлгөндө мотору күйүп кеткен Fly Dubai учагы Дубай аэропортуна конду. Бул тууралуу ТАСС авиакомпаниянын басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

«Катманду аэропортунан FZ 576 рейси менен Дубайга учуп келе жаткан учак учуп баратканда куш менен кагылышып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:11де (Бишкек убактысы боюнча 02:11) Дубай эл аралык аэропортуна аман-эсен конду», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Fly Dubai компаниясынын өкүлү учак Катмандуда куш менен кагылышканын билдирген.