Непалда селден 170 адам каза болду (видео)

Непалдагы суу ташкындын кесепетинен 170 адам каза болду. Дагы 42 адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу AFP жазды.

Каза болгондордун көбү өлкөнүн борбору Катмандуда катталган. Борборду аралап өткөн дарыялар сел суусуна толуп калган. 27-сентябрдан бери Непалда 2002-жылдан берки рекорддук жаан жаады. 

Катмандунун түштүгүндөгү трассада болгон жер көчкүдө каза болгондордун кеминде 35и унааларда болгон. Жергиликтүү бийлик 3 миңдей адамды сактап калууга жетишкен. Куткаруу иштерине өлкөнүн коопсуздук кызматынын 3 миңден ашык кызматкерлери катышкан.