Непалда соцтармактар бөгөттөлгөн соң нааразычылык акциясы башталып, 19 адам каза болду

Непалда полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан кеминде 19 киши набыт болуп, ондогон адамдар жаракат алганын The Katmandu Post жазды.

Непалдын Катманду, Покхара жана башка шаарларынын тургундары 8-сентябрда көчөгө чыгып, коррупцияга жана өкмөттүн Facebook, Instagram жана YouTube сыяктуу 20дан ашык социалдык медиа платформаларын жабуу чечимине нааразылык билдиришти.

«Катмандудагы адамдар тосмолорду бузуп өтүп, парламентке кирип барышты, Тез жардам унаасын өрттөп, тартип сакчыларына буюмдарды ыргытып, жарадарларды мотоциклдер менен ооруканаларга алып барып жатышты», — деп айтылат маалыматта. Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторун колдонгон. 

Непалдын парламентинин жанында жана активдүү нааразылык акциялары өтүп жаткан башка аймактарда коменданттык саат киргизилди.