Непалдын борборунда социалдык тармактарга тыюу салынгандан кийин массалык нааразылык акциялары уланууда.
Буга чейин өкмөт отставкага кетип, чектөөлөрдү алып салганы менен эл тынчыбай жатат. Аткаминерлер имараттардын чатырларынан тик учактар менен эвакуацияланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 19 адам каза болуп, 300дөн ашууну жаракат алган.
Сүрөттө өрттөлгөн Непалдын парламентинин имараты. Кырдаал курч бойдон калууда, бийлик элди тынчтанууга жана сүйлөшүүгө чакырууда.