Непалдын президенти Рам Чандра Паудел кызматтан кетти. Бул чечимди ал өлкөдө токтобой жаткан башаламандыкка байланыштуу кабыл алды. India Today агенттиги кабарлагандай, нааразычылык акцияларына чыккан жарандар өлкө азыр алардын көзөмөлүнө өткөнүн билдиришип, жаңы өкмөт түзүүгө жана шайлоо өткөрүүгө чакырышты.
Буга чейин башаламандыкка катышкан адамдар президенттин кеңсесине өрт коюп, натыйжада армия президентти эвакуациялоого мажбур болгон.
Ошондой эле, нааразычылык учурунда мурдагы премьер-министр Шер Бахадур Деубу жана анын жубайы, учурдагы тышкы иштер министри Арзу Рана Деубу сабалганы кабарланды. Айрым маалымат каражаттары экс-премьердин жубайы каза болгонун маалымдашты.












