Американын дипломаттары Ооганстандан АКШнын аскер күчтөрү чыгарылгандан кийин Борбор Азияга аскер базасын кайтаруу боюнча варианттарды караштырып жатат, анын ичинде «Манас» авиабазасы да бар. Бул тууралуу New York Times гезити жазды.
Гезиттин кечээ чыккан санында Маро Маззетти менен Жулиан Барнестин «ЦРУ Ооганстанга жакындоонун жаңы жолдорун жандалбастап издеп жатат» деген макаласы жарыяланды. Анда америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ооган өкмөтүнүн «жашап» кетиши күмөн жаратып жатканы, муну алдын алуу үчүн АКШ бийлиги Ооганстанга жакын өлкөлөргө аскердик базасын жайгаштырууну көздөп жатканы жазылган.
«ЦРУ 20 жылдан бери иш алып барып келген Ооганстандагы базасынан жакында кол үзөт. Ал жактан аскердик тапшырмаларды аткарып, дрон менен сокку уруп, Талибан, Аль-Каида жана Ислам мамлекети сыяктуу топтордун кыймылына дыкат көз салып турган. Агенттиктин серепчилери талибдердин бийликти басып алуу кооптуулугу тынымсыз өсүп жатканын эскертет», — деп жазылат материалда.
Соңку убакта АКШнын расмий өкүлдөрү келечекте операцияларды жүргүзүү үчүн Ооганстанга жакын жерге база жайгаштырууга бүт күчүн жумшап жатканы белгиленди. Дипломаттар мурунку советтик мамлекеттердеги базаларды кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы менен Кремль буга караманча каршы болору жазылган.
«Америкалык дипломаттар Борбор Азиядагы базаларды калыбына келтирүү жолдорун караштырып жатат. Анын ичинде буга чейин Американын аскерлери менен чалгындоо боюнча офицерлер иштеп келген Кыргызстан менен Өзбекстандагы базалар дагы бар», — деп айтылат макалада.