Ниагара шаркыратмасынын тоңуп калганын көрүү үчүн жер кезерлер агылып барууда

Канада менен АКШдагы аба температурасынын кескин ылдыйлашы Ниагара шаркыратмасынын тоңуп калуусуна алып келип, аны көрүү үчүн жер кезерлер агылып барууда. Муз шаркыратманы эле каптабай, анын айланасындагы аянтча да тоңуп калган.

Ниагара тарыхта беш жолу гана жарым-жартылай тоңуп калган. Суунун чоң агымынан улам аны эч качан толугу менен муз каптап калбайт. Ниагара шаркыратмасы аркылуу ар секундда 3160 тонна суу агып өтөт.