Нидерланддардын экс-премьери жубайы менен эвтаназия кылдырып, көз жумушту

Нидерланддардын мурдагы премьер-министри Дрис ван Агт жубайы Еугения менен 5-февралда эвтаназия кылдырып, 93 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты. 

The Rights Forum уюмунун жетекчиси Голландиянын NOS телеканалына берген маегинде жубайлар катуу ооруп жатканын, бирок 70 жыл чогуу өткөргөндөн кийин бири-бирисиз жашай албастыгын белгиледи. Дрис ван Агт 2019-жылы мээсине кан куюлуп, оор кесепеттерге дуушар болгон. Ал 1977-1982-жылдары Нидерланддардын премьер-министри болуп иштеген. 

Аталган өлкөдө эвтаназия жана өзүн-өзү өлтүрүү 2002-жылдан бери мыйзамдуу. Эвтаназия — айыккыс дартка чалдыккан адамдын же башка тирүү жандыктын өмүрүн атайылап токтотуу.