Нидерланды 60 жашка чейинки жарандарына «AstraZeneca» вакцинасын алууга тыюу салды

Нидерланды 60 жашка чейинки адамдарга «AstraZeneca» вакцинасын саюуга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри, Саламаттыкты сактоо кеңеши, Улуттук саламаттыкты сактоо институттары вакцинанын терс таасирлеринен улам кеңешкенден кийин кабыл алынган. Анткени Нидерланды «AstraZeneca» менен эмдөөдөн кийин тромбоздун беш учуру катталып, бир адам каза болгон. Ошондой эле аталган вакцинадан улам ушундай эле кесепеттүү терс таасирлер 60 жашка чейинки аялдарда байкалгандыгы белгиленди.

Азырынча Нидерландыда болжол менен 400 миң адам «AstraZeneca» вакцинасын алган.