Нигерияда күйүүчү май ташыган унаанын жарылуусунан 70тен ашуун адам каза болуп, кеминде 56 киши жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, унаа жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен.
Кырсыктан кийин күйүүчү май куюучу цистерналардын ичиндегилерди башка унаага өткөрүү аракети көрүлгөн, бирок күйүүчү май генераторго кирип кеткен. Кесепетинен жарылуу болуп, өрт чыккан.
NEMA билдиргендей, каза болгондор жергиликтүү тургундар жана ошол жерде жүргөндөр. Алар майды чогултуу үчүн жакындашкан. Өрт жакын жердеги унааларды гана эмес, үйлөрдү да каптаган.