Нигерияда Твиттерге тыюу салынды

Нигериянын өкмөтү 4-июндан тарта Твиттерге тыюу салып, анын колдонуучуларын камоо тууралуу прокуратурага көрсөтмө берди. Бул тууралуу CNN телеканалы маалымдады.

Маданият жана маалымат министрлиги Твиттердин Нигериянын аймагында ишмердүүлүк кылуусуна мөөнөтсүз тыюу салган. Эки күн мурун соцтармак Нигериянын президенти Мухаммад Бухаринин постун алып салган. Министр Лай Мухаммед бул үчүн Твиттер компаниясын «кош жүздүү стандарт жүргүзөт» деп айыптап, соцтармактын ишин «шектүү» деп сыпаттаган.

CNN маалымдагандай, 5-июндун таңынан тартып өлкөдө Твиттер ачылбай калды. Бирок жергиликтүү эл VPN (жеке виртуалдык тармак) аркылуу соцтармактан пайдаланууну улантышууда.

Нигериянын баш прокурору өлкөнүн Байланыш министрлигине мыйзам бузгандарды аныктап, кармоодо көмөктөшүүгө чакырган кат жолдоду. Башкы прокуратуранын өкүлү тыюу салынган соцтармакты пайдалангандардын баары жоопко тартыларын билдирди.