Нигерияда тыгында турган 300дөй унаа күйүп кетти (видео)

Нигерияда күйүүчү май ташыган унаанын жарылуусунан улам жолдо тыгында турган 300дөй унаа күйүп кетти. Бул тууралуу The Nation жазды.

Кырсык 26-апрелде кечки саат 19:30дар чамасында Риверс штатындагы Порт-Харкорт шаарынан түштүк-чыгышта болгон. Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май ташыган унаа кырсыкка учурап, кесепетинен жарылуу болуп, өрт башка унааларга өткөн. 

«Күйүүчү май ташыган унаа башка унаа менен сүзүшүп өрттөнүп, өрт тыгында турган башка унааларга жана цистерналарга да өтүп кетти… Өрттүн кесепетинен 4 адам күйүп кетти, анын ичинде кош бойлуу аял дагы бар. Окуя болгон жерде биз 300дөн ашык унаа күйүп кеткенин көрдүк», — деди күбөлөр The Nation гезитине.

Азырынча өрттөн канча адам каза болгону тууралуу расмий маалымат берише элек.