Кечээ, 21-февралда Нигериянын борбору Абуджадагы аэропорттун жанында аскердик учак кулап, жети адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн авиация министри Хади Сирика Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди.
«Тилекке каршы, борттогу жети аскердин бардыгы тең курман болду», — деп жазды Би-Би-Си.
Нигериянын аба күчтөрүнүн Beechcraft King Air 350i учагы Абуджа эл аралык аэропортунан учуп бара жатып кырсыкка учураган. Ал Нигер штатындагы Минна шаарына бара жаткан. Өлкөнүн авиация министринин айтымында, учактын кыймылдаткычтарынын бири иштен чыккан.
Жерге кулаган учак толугу менен күйүп кеткен.