Нигерияда үлпөт тойдон кайтып келе жаткандардын кайыгы оодарылып, 100дөн ашуун адам каза болду

12-июнга караган түнү Нигериянын түштүк чыгышында үлпөт тойдон кайтып келе жаткандардын кайыгы оодарылып, 100дөн ашуун адам чөгүп каза болуп, 144 киши куткарылган. Аталган өлкөнүн президенти Бола Ахмед Тинубу көңүл айтып, каза болгондордун үлпөт тойго барган коноктор экендигинен улам бул кырсык жүрөккө оор тийгенин билдирди.

Кемеде баш-аягы 300дөй киши болгон. Алар Кварра штатында өткөн үлпөт тоюнан Нигер штатына кайтып келе жатышкан. Кырсыктын себеби иликтенүүдө.