Нигериядан учуп бараткан United Airlinesтин авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы авириялык конуу жасап, 6 адам жабыркаган.
Ал Нигериянын Лагос шаарынан Вашингтонго учуп бараткан. Учак көтөрүлүп, бирок техникалык себептен улам конууга аркет кылганда башкарууну кескин жоготкон. Бул тууралуу Нигериялык Vanguard басылмасы авиакомпанияга шилтеме берип жазган.
«Учак басымын жоготуп, кулай баштаганда бизге тамак берилип жаткан. Биз кескин төмөндөп баратканыбызды сездик. Мен соккудан улам башымды шыпка урдум. Эсим ооду. Бирок башаламандыктын ортосунда мага медайымдардан бирөө келип жардам берди. Кескин төмөндөө үч жолу болуп, айрым адамдар жаракат алышты», — деген жүргүнчүлөрдүн бири Томас.
Бортто 245 жүргүнчү жана экипаждын 11 мүчөсү, жалпы 256 адам болгон. Алардын арасында алты адам оор жаракат алган. Дагы 32 адам жеңил жаракат алган.
«Жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгү ооруканага жөнөтүлгөн, бир бөлүгү мейманканага жайгаштырылган. Учак олуттуу зыянга учураган эмес» — деп жооп берген Нигериянын федералдык аэропортторунун башкармалыгы.