Нигериялык саясатчы 21 жаштагы баланын органын кызына алуу үчүн зордоп Лондонго алып келген

Нигериялык саясатчы кызынын алмаштырууга муктаж болгон бөйрөгүнө донор катары 21 жаштагы баланы зордоп Лондонго алып келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

21 жаштагы жаран Нигерия парламентинин сенатору, 60 жаштагы Айк Экверемаду аны зордоп донор катары Лондонго ооруканага алып келгенин билдирген. Жабырлануучу ооруканада анализдерди тапшырып бүткөн соң качып чыгып, полицияга кайрылган. Анын айтымында, сенатор аны Африкадан зордоп алып келген. Саясатчынын кызынын бөйрөгү алмаштырууга муктаж болгондуктан, жигитти донор кылмак. Сенатор аны эч жакка чыгарбай, кул катары кордоп келген. Аталган факты боюнча иликтөө учурунда Нигериянын сенатору Айк Экверемаду жубайы менен Лондон аэропортунан кармалган.