Никарагуанын сулуусу Miss Universe сынагынын жеңүүчүсү болду

Никарагуанын 23 жаштагы сулуусу Шейннис Алондра Паласиос Корнехо 72-ирет өткөн Miss Universe эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болду.

Ал эми Таиланддын 27 жаштагы өкүлү Аннтония Порсильд вице-мисс аталса, Австралиянын сулуусу Морайя Уилсон 3-орунду алды.

Сынактын финалы Сальвадордо өтүп, ага 80 өлкөнүн кыздары катышты.