Никол Пашинян өкмөт башчылыктан отставкага кетти. Бирок бийликке кайра келүүгө аракет кылат

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн ээлеген кызматынан отставкага кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтты.

«Президент жана саясий күчтөр менен болгон макулдашууга ылайык, мен бүгүн парламенттик шайлоону 20-июнда өткөрүү үчүн отставкага кетип жатам», — деди Пашинян. Армениянын Баш мыйзамы боюнча парламентти таратуу үчүн өкмөт башчы кызматынан кетүүсү керек. Никол Пашинян шайлоо өткөнгө дейре премьер-министрдин милдетин аткарууну улантат.

Армениядагы бийликчил «Жарандардын келишими» партиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого катышат жана анын алкагында Пашинян кайра эле премьер-министрликке көрсөтүлөт.

Аталган өлкөдөгү саясий кризис Тоолуу Карабахтагы согушта жеңилүүдөн кийин уланып келе жатат. Февраль айынын аягында Башкы штаб Никол Пашиняндын отставкага кетүүсүн талап кылып, соңку кезде Ереван шаарында өкмөт башчыга каршы чыккандар менен аны колдогондордун митингдери дээрлик күн сайын өтүп жатат.