Дүйнө боюнча эң көп кайсы телефон сатылганын билесизби?

Уюлдук телефондор пайда болгондон бери Nokia моделиндеги телефон эң көп сатылган. Бул уюлдук телефон дүйнөдөгү эң белгилүү Apple компаниясынын iPhone моделинен дагы ашып түшкөн.

Изилдөөгө ылайык, 2003-жылы чыккан 1100 Nokia модели дүйнө боюнча 250 миллион даана сатылса, 2005-жылы чыккан 1110 Nokia моделинен 247,5 миллион даана сатылган. Ал эми 3-орунда iPhone 6 моделинен 222 миллион сатылган.

Жалпылап алганда, Nokia жана Apple компанияларынан сатуу бонча алдыга чыккан эч ким жок.