Норвегияда 37 жаштагы жаран жаа менен 5 адамды атып өлтүргөн

Конгсберг шаарынын борборунда белгисиз адам жолдон өтүп бараткандарга жаа аткан. Анын кесепетинен беш адам каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, полиция шектүүнү кармады. Шектүүнүн 37 жаштагы Даниянын жараны экени маалым болгон. Ага кылмыш иши козголду. Анын бул ишке барган себеби белгисиз. Укук коргоо органдары теракт тууралуу версияны четке какпайт. Премьер-министр Эрна Солберг шаардагы кырдаал көзөмөлдө экенин айтты.