Норвегияда 77 адамдын өлүмүнө айыпталган шектүү абакта ага ырайымсыз мамиле кылынып жатканын айтты

Норвегияда массалык киши өлтүрүү боюнча жазасын өтөп жаткан Андерс Брейвик абактагы укуктарынын бузулушу боюнча кайрадан сотко кайрылганын Euronews телеканалы билдирди.

77 адамды өлтүргөн делген экстремист дүйшөмбү күнү Ослодогу сотко жеткирилген. Анын айтымында, анын 2012-жылдан бери жалгыз камерада отурушу Европа конвенциясына ылайык адамгерчиликсиз мамиле болуп саналат.

Түрмөдө Брейвик бардык шарты бар камерада жатат. Бирок анын адвокаттары сырткы дүйнө менен эч кандай маңыздуу байланыш түзө албаганы жана кат жөнөтүүгө тыюу салынышы анын укуктарынын бузулушу деп эсептешет.

2011-жылдын 22-июлунда Брейвик Ослодо бомба менен 8 адамды өлтүрүп, андан кийин полиция формасын кийип, Утойя аралындагы жаштар лагерине барып, 69 адамды, негизинен өспүрүмдөрдүн артынан кууп барып атып салган. Ал күнөөлүү деп табылып, 21 жылга эркинен ажыратылган.