Норвегияда «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөөдөн кийин дагы эки өлүм катталды. Бул тууралуу Норвегиянын дары-дармек агенттигинен маалымдашты.
«Буга чейин «AstraZeneca» менен эмдөөдөн кийин ооруканага жаткырылган беш бейтап жөнүндө маалымдалган. Аларда тромбоз жана тромбоциттер санынын төмөн айкалышы табылган. Алардын бири жуманын башында каза болгон, эми эки жаңы өлүм жөнүндө белгилүү болду», — деп айтылат билдирүүдө.
Агенттик өлүм аларга буга чейин сайылган вакцинадан болушу мүмкүн деген божомолду четке какпайт.
Австрия, Эстония, Литва, Латвия, Люксембург, Дания, Болгария, Норвегия, Исландия, Словения, Кипр, Италия, Франция, Германия жана Испания бул вакцинадан баш тартышкан. Бирок Европа медициналык агенттиктин билдирүүсүнөн кийин айрым өлкөлөр бул вакцинаны кайрадан колдоно башташкан.